БШК Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына кайрадан шайлоо дайындады

11 сентября 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 11-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону мурда катталган талапкерлерге кайрадан шайлоо белгилөө тууралуу токтомун кабыл алды.

Шайлоо 2020-жылдын 28-сентябрына саат 9:00дон 12:00го чейин дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 28-августундагы № 182 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2020-жылдын 11-сентябрында кворумдун жоктугунан өтпөй калган.

Чечим "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык кабыл алынды.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону уюштуруу жана камсыз кылуу тапшырылды:

- добуш берүү бөлмөсүн жана андагы буюмдарды дезинфекциялоого;

- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метр аралыкты сактоо үчүн белгилерди белгилөө;

- кире бериште жана шайлоо бюллетендерин берүү учурунда тазалоочу каражаттар менен камсыздоо;

- шайлоо катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөнүшүн камсыз кылуу;

- шайлоо процессинин катышуучуларына бир жолу колдонулуучу бет каптарды жана кол каптарды берүү;

- колдонулган материалдарды жана объекттерди дезинфекциялоону уюштуруу.

КР БШК маалымат бөлүмү