«Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды

10 сентября 2020

Бүгүн 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  БШКнын 2020-жылдын 7-июлундагы №18 чечими менен катталган «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан Урдавлетов Руслан Саадатовичти финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоону  жокко чыгаруу жана ага берилген №8 каттоо күбѳлүгүн анык эмес  деп таануу тууралуу чечим кабыл алды.

БШК «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абыкеев Чынгыз Шейшенбековичти каттоону жана ага  белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк берүүнү чечти.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын мурда сунуш кылган  финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Абыкеев Чынгыз Шейшенбековичти каттоо тууралуу 2020-жылдын 7-чентябрында келип түшкѳн маалымдамасынын негизинде кабыл алынды.

КР БШК маалымат бѳлүмү