“Республика” саясий партиясынын жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды
10 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрындагы өз жыйналышында “Республика” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Исмаилов Анарбек Касымовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
БШКнын чечими менен анын ордуна “Республика” саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Туржанов Арстанбек Жапарбекович катталды.
Чечим мурда сунушталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо жөнүндө “Республика” саясий партиясынан 2020-жылдын 9-сентябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
