БШК М.Ю. Володинаны “Чоң казат” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды

10 сентября 2020

Бүгүн – 2020-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Володина Марьяна Юрьевнаны “Чоң казат” саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Володина Марьяна Юрьевнанын 2020-жылдын 8-сентябрындагы талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат жүзүндөгү кириш №06/1893 арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу тобунун чечимин эске алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү