Лейлек, Чаткал жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

10 сентября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-сентябрдагы жыйынында Лейлек, Чаткал жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү токтомун кабыл алды.
Токтом Лейлек, Чаткал ТШКларынын мүчөлөрү К. Саюнованын, Э. Бердиевдин жана А. Кулиевдин комиссиялардын курамынан чыгаруу жөнүндөгү арыздарынын жана Ноокат ТШКнын көрсөтүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

Лейлек ТШКсына “Кыргызстан” саясый партиясынан К. Саюнованын, “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясынан Э. Бердиевдин ордуна жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү Т. Джемуратов жана Г. Рузибаев резервден комиссиянын курамына киргизилди.

Ал эми Чаткал ТШКсына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлү А. Кулиевдин ордуна резервдеги жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын  өкүлү Т. Дадабаев комиссия курамына кирди.

Ноокат ТШКсына жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынан Г. Нишанбаеванын ордуна резервдеги жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органынын өкүлү Т. Молдобаев комиссия курамына кирди.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү