БШК Э. Океновду “Социал-демократтар” саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен чыгарды
07 сентября 2020
7-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде “Социал-демократтар” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Эрмек Тологонович Океновду чыгарды.
Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, ушул жылдын 5-сентябрындагы “Социал-демократтар” саясый партиясынын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
