БШК Д. Алымбековду “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен чыгарды

07 сентября 2020

7-сентябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берген арызынын негизинде “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен Дастан Алымбекович Алымбековду чыгарды. 
Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 6-7-18-беренелеринин негизинде, ушул жылдын 4-сентябрындагы “Ата Мекен” социалисттик саясый партиясынын жазуу түрүндөгү катынын негизинде жана КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен кабыл алынды. 
КР БШК Маалыматтык бөлүмү