БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда укуктарын токтотту
07 сентября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-сентябрдагы жыйынында Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төмөндөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин келе жаткан талапкерлерге берүү чечимин бекитти:
• Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айылдык кенешинен – Алмазбек Нарматовду жеке арызына байланыштуу бошотуп, мандат убактылуу иштебеген Таалайбек Наскуловго берилди;
• Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кенешинен – Асылбек Маканбаев каза болгондугуна байланыштуу бошотулуп, мандаты убактылуу иштебеген Турат Джороевге берилди;
• Сузак районунун Ленин айылдык кенешинен – Торобай Жумабаев каза болгондугуна байланыштуу бошотулуп, мандат №25-орто мектептин мугалими Максат Маматазизовага берилди.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык чечим кабыл алган.
Боршайком Сузак ТШКнын чечимин “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык бекитти.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
