БШК Ананьево, Ак-Жар жана Бостери айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады
07 сентября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-сентябрдагы жыйынында Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын, Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын жана Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады.
2020-жылдын 4-сентябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талапкерге караганда “бардык талапкерлерге каршы” позициясына көпчүлүк добуш берилген.
Ош облусунун Өзгөн районунун администрация башчысы – акиминин 28-августтагы буйругу менен Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Каримжан Тургунбаевич Турдумаматов өзү берген арызга байланыштуу кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун администрация башчысы – акиминин 1-сентябрдагы буйругу менен Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдымаликович Жамангулов берген арызына байланыштуу кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтому менен Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 21-сентябрына саат тогуздан он экиге чейин дайындалды.
Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын, Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 25-сентябрда саат тогуздан он экиге чеийн өткөрүү дайындалды.
Ысык-Көл райондук жана Өзгөн райондук аймактык шайлоо комиссияларына шайлоолорду КР мыйзамдарына ылайык жана КР Өкмөтү 2020-жылдын 11-майында токтом менен бекиткен санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен (1,5 – 2 метрлик аралык сактоону камсыздоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, атайын аралашма менен колдорду тазалоо) менен өткөрүү тапшырылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
