Ормокоев Р.С. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

07 сентября 2020

2020-жылдын 7-сентябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктоочу протоколун бекитти.

2020-жылдын 12-августунда Боршайкомдун №163-токтому менен дайындалган Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо ушул жылдын 28-августунда болуп өттү.

Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 28-августундагы протоколунун жыйынтыгы менен, Руслан Сардарбекович Ормокоев Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Шайлоого Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 11 депутаты катышып, алардын бардыгы Р. Ормокоевге добуш беришкен.

Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай арыз түшкөн эмес.

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду деп табылды

КР БШК Маалыматтык бөлүмү