БШК Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандатын Ныязбек Ирашевич Арзыбаевге тапшырды
07 сентября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ваканттык мандаты болгондуктан, “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесиндеги КР Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Ныязбек Арзыбаевди ЖКнын шайланган депутаты катары таануу токтомун чыгарды.
БШК токтому менен Ныязбек Арзыбаев КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилет.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
