БШК "Өнүгүү-Прогресс" саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинен М. Чунуевди чыгарды

07 сентября 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен Максат Ишимбаевич Чунуевди чыгаруу жана КР БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынын талапкерлеринин тизмесинин каттоо жөнүндө” №68-чечиминин талапкерди каттоо бөлүгүнөн М.Чунуевди каттоо боюнча чечимдин күчүн жоготкондугу боюнча чечим кабыл алды.

Бул чечим КР БШКсына “Өнүгүү-Прогресс” саясый партиясынан КР Жогорку Кеңешине талапкер М. Чунуевдин аталган партиянын талапкерлер тизмесинен чыгаруу боюнча арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалымат бөлүмү