Тынчтык Шайназаров БШКнын жаңы мүчөсү болду

03 сентября 2020

Бүгүн, 3-сентябрда, КРнын БШКнын жаңы мүчөсү Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумуна катышты. Боршайкомдун төрагасы Н.Шайлдабекова аны кесиптештери менен тааныштырып, иштерине ийгилик каалады.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын парламенти, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн кызмат ордуна Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын көпчүлүк коалициясынан "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин колдоду.

Тынчтык Шайназаровдун талапкерлигин КСДП, "Республика - Ата Журт", "Бир Бол" жана "Кыргызстан" партиялары кирген азыркы чакырылыштагы көпчүлүк коалициясы көргөзгөн. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы көпчүлүк коалициясынын курамына кирбейт, бирок каалаган депутатын көрсөтө алат. Жалпысынан анын талапкерлигине 81 депутат – “макул”, 4 депутат – “каршы» болду.

Өмүр баяны:

Шайназаров Тынчтык Урайимович, 1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында туулган.

1991-жылы Ош шаарындагы № 7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистигине тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 1996-жылы покуратура органдарында баштаган. Ош облусунун Чоң-Алай районунун прокуратурасында стажер-тергөөчүдөн Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасынын тергөөчүсүнө чейин эмгектенген.

1999-жылдын февраль айынан 2001-жылдын ноябрь айына чейин Ош облустук прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген.

2001-жылдан 2007-жылдын августуна чейин улук тергөөчү, прокурор жана Ош облусундагы кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2007-жылы Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы, андан кийин 2009-жылдын август айына чейин Ош облусунун прокурорунун улук жардамчысы болгон.

2009-жылдын сентябрь айында ал Жалал-Абад шаарынын прокурору кызматына дайындалган.

2010-жылдын ноябрь айында "Республика" саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын 23-декабрынан тартып КРнын ЖКнин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2015-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган.

Үй-бүлөлү, беш баланын атасы.

КР БШК маалымат бөлүмү