Ош облусундагы бир шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлдү

03 сентября 2020

Бүгүн, 3-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын № 5561 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды.

Чечим Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык” кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

БШК Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл аймагынын № 5561 шайлоо участогунун дарегин Калдай айылынын К. Бобулов көчөсүндөгү №25 жеке менчик бала бакчасынын имаратынан Калдай айылынын Мамат Ажы Бобулов көчөсү, 58 Калдай атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүү боюнча чечимин кабыл алды.

КР БШК маалымат бөлүмү