«Ыйман Нуру» адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
02 сентября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында 1-сентябрда “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын финансы маселелери боюнча мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу билдирүүсүн карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин эске алуу менен, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кайрат Кубанычбекович Кубанычбековдун БШКнын 2020-жылдын 10-августтагы №70-чечими менен кабыл алынган каттоосун жокко чыгаруу жана ага берилген №99-күбөлүктү жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды.
БШК Айнура Жапаровна Акматованы “Ыйман Нуру” адилеттик жана өнүгүү саясый партиясынын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттап, ага кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктү берүүгө токтом кылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
