«Социал-Демократтар» саясый партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
02 сентября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу тууралуу билдирүүсүн карады.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин эске алуу менен, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Маратович Алманбетовдун БШКнын 2020-жылдын 27-августтагы №97-чечими менен кабыл алынган каттоосун жокко чыгаруу жана ага берилген №105-күбөлүктү жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды.
БШК Салия Эсеновна Ишкининаны “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттап, ага кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүктү берүүгө токтом кылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
