БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Кенжебаев Байгазы Бобуновичке өткөрүп берди
02 сентября 2020
“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кенжебаев Байгазы Бобунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.
Бул тууралу токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2-сентябрдагы жыйналышында бош мандат болгондугуна байланыштуу ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
