БШК Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө Ош АШКнын чечимин бекитти

02 сентября 2020

КР БШК 2-сентябрда өз жыйналышында КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүүгө байланыштуу “Ош шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” Ош АШКнын чечимин жана  Ош шаарынын аймагында түзүлгөн кошумча шайлоо участокторунун даректерин бекитти.

Ош аймактык шайлоо комиссиясына 2020-жылдын 7-сентябрына чейин кошумча шайлоо участокторунун курамын түзүү тапшырылды. Ош шаарынын мэриясына 2020-жылдын 7-сентябрына чейин кошумча шайлоо участокторун жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоого көмөктөшүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому Ош шаарында иш жүзүндө каттоосу жок жарандардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусу үчүн шарттарды камсыздоо максатында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13,15-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7 жана 20-беренелерине, КР БШК 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.