Кара-Кулжа жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди

02 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында Кара-Кулжа жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Токтом, Кара-Кулжа жана Чаткал АШК мүчөлөрү Т.М.Ибраимовдун, А.С. Өмүрбекованын, ЖА. Такырбашованын арыздарынын, М.Б. Алыбаеванын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн, Кара-Кулжа АШКнын Ж.К. Акыбаевди комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде кабыл алынды.

Ошентип, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясында “Кыргызстан” саясий партиясынан Акыбаев Жалалдин Кочконбаевичтин жана резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Ибраимов Таалайбек Мамажановичтин ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Абдибает кызы Гүлдара менен Шерибаев Заирбек Токтобаевич комиссиянын курамына киргизилди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Алтынбүбү Сүйүтбековна Өмүрбекованын, Жыпаркалыс Айтбаевна Такырбашованын жана Махабат Бузурманкуловна Алыбаеванын ордуларына резервден комиссиянын курамына Эгембердиев Абдибали Козонович, Эргешова Назира Осмонбековна жана Эрназарова Гүлшайыр Дүйшөналиевна өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан киргизилген.