БШК Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 21-сентябрга белгиледи
02 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2-сентябрдагы отурумунда Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 21-сентябрынасаат 9:00дон 12:00го чейин белгиледи.
Чүй аймактык шайлоо комиссиясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 бекитилген токтомуна ылайык, шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүү жана ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо (1,5-2 метр аралыкты камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, колду дезинфекциялык эритмелер жана спирттелген антисептик менен залалсыздандыруу) менен өткөрүү тапшырылды.
Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Наматбеков Алмазбек Жумабекович жеке арызынын негизинде Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 26-августундагы № 108-р буйругу менен кызматтан бошотулган.
