КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктарын токтотту
02 сентября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-сентябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим Т.А.Масабировдон келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.А.Масабировдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
КРнын БШКнын маалымат бөлүмү.
