КР БШКсы КР ЖК депутаттарын шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабы менен бирдикте Нарын облусунда штабдын көчмө жыйынын өткөрдү
15 августа 2020
КР БШКнын жана шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын мүчөлөрү Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрүштү. Нарын шаарындагы жана Нарын облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын карап чыгышты. Жер-жерлерде УШКнын материалдык-техникалык базасы текшерилди.
Нарын облусунда 6 аймактык шайлоо комиссиялары жана 171 участкалык шайлоо комиссиялары иштешет. Аларга 1704 кызматкер ишке тартылган. Нарын облусундагы шайлоочулардын жалпы саны август аягында 201 584 шайлоочуну түздү.
Жергиликтүү участкалык комиссиялардын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, УШКлар пандустар менен жана чакыруу кнопкасы менен жабдылууда. Жабдуулар кыймыл-аракети чектелген адамдарга - ДМЧА, кичинекей балдары бар ата-энелерге, улгайган адамдарга арналган.
Кыргыз Республикасынын БШКсы менен УШКлардын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана ири өлчөмдүү мониторлор таратылды. Жабдууларды Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы камсыз кылды. Гаджеттер ошондой эле участкалык комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда колдонулат.
Пандемия мезгилинде КР БШКсы ар бир шайлоо участогун жеке коргонуу каражаттары – бет каптар, санитайзерлер, кол каптар жана дезинфекциялык салфеткалар менен жабдыды.
Облустук жана шаардык штабдын отурумунда УШКларды жогорку ылдамдыктагы интернет, байланыш жана оргтехника менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик органдарына аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө тапшырмасы жана санитардык стандарттарды жана талаптарды камсыз кылууга чоң көңүл буруу тапшырылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
