КРнын БШКсы КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоосун өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабы менен бирдикте Ош облусунда штабдын көчмө жыйынын өткөрүштү

01 сентября 2020

28-августта КРнын БШКсы КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоосун өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча республикалык штабы менен бирдикте Ош облусунда штабдын көчмө жыйынын өткөрдү.

КРнын БШКнын жана Республикалык штабдын мүчөлөрү Ош шаарындагы, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы шайлоо участкаларынын даярдыгынын процессин талкуулашты. Жер-жерлерде УШКнын материалдык-техникалык базасы текшерилди.

Ош облусунда 506, Ош шаарында - 76 шайлоо участкалары бар. 29-августка карата Ош облусунда 703 944 шайлоочу, Ош шаарында - шайлоо укугу бар 147 557 шайлоочу катталган.

Жергиликтүү участкалык комиссиялардын өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, УШКлардын 70 проценттен ашыгы пандустар менен жабдылган. 4-октябрга чейин бардык шайлоо участоктору чакыруу кнопкалары менен жабдылат. Жабдуулар кыймыл-аракети чектелген адамдарга - ДМЧА, кичинекей балдары бар ата-энелерге, улгайган адамдарга арналган.

Кыргыз Республикасынын БШКсы менен УШКлардын ортосунда ыкчам маалымат алмашууну жакшыртуу максатында, шайлоо участкаларына планшеттер жана ири өлчөмдүү мониторлор таратылды. Жабдууларды Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы камсыз кылды. Гаджеттер ошондой эле участкалык комиссияларынын мүчөлөрүн окутууда колдонулат.

Пандемия мезгилинде, КРнын БШКсы ар бир шайлоо участогун жеке коргонуу каражаттары – бет каптар, санитайзерлер, кол каптар жана дезинфекциялык салфеткалар менен жабдыды.

Облустук жана шаардык штабдын отурумунда УШКларды жогорку ылдамдыктагы интернет, байланыш жана оргтехника менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Жергиликтүү бийлик органдарына аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдө тапшырмасы жана санитардык стандарттарды жана талаптарды камсыз кылууга чоң көңүл буруу тапшырылды.