КР ЖК депутатынын бош мандаты Сырдыбаев Нурлан Муратбаевичке өткөрүп берилди

28 августа 2020

Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сырдыбаев Нурлан Муратбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.

Бул тууралу токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 28-августтагы жыйналышында бош мандат болгондугуна байланыштуу ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү