“Нур” саясый партиясы шайлоого катышуудан баш тарта тургандыгын билдирди
27 августа 2020
«Нур» саясый партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартып, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгын КР БШКсына билдирди.
КР Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-августтагы жыйынында партиянын билдирүүсүн карап, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен аны эске алуу чечимин кабыл алды.
“Нур” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын катталуу күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.
