КР БШК «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды
25 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 25-августагы ѳзүнүн жыйынында «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо үчүн документтерин кайтарып берүү жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Мындай чечим партия тарабынан документтер мыйзамда белгиленген тартипте эмес жана тийиштүү эмес адам тарабынан берилгендигине байланыштуу кабыл алынды.
Мурда, 25-августагы ѳзүнүн кеңейтилген жыйынында КР ЖК депутаттарын шайлоого саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу «Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо үчүн документтерин катарып берүүнү Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш кылган, анткени талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди берет.
Документтерди кабыл алуу боюнча КР БШКнын Жумушчу тобунун маалыматына ылайык, жумушчу топтун мүчѳлѳрү «Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Э. Абильдиева менен бир нече ирет байланышууга аракет жасаган.
«Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү Э. Абильдиева 25-августа документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жыйынынын жүрүшүндѳ ден-соолугунун начар абалына байланыштуу КР БШКга ѳзү келе албагандыгын жана документтерди ѳзү бере албагандыгын, документтер БШКга ишеним каты бар адам тарабынан берилгендигин билдирген. Партиянын ѳкүлү К. Исаев документтер БШКга ишеним каты бар адам тарабынан берилгендигин билдирген. Бирок андай ишеним кат мыйзамда белгиленген мѳѳнѳттѳ 24-августун 18:00 саатында, андан кийин да берилген эмес.
Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н,Шайлдабекова шайлоого партиянын катышуусуна тийиштүү бардык маселелер боюнча партиянын атынан чыгуу үчүн КР БШКда расмий катталган саясий партиянын ыйгарым укуктуу ѳкүлү документтерди БШКга берүүгѳ тийиш экендиги конституциялык мыйзамдын нормасы менен каралгандыгын белгиледи.
