«Таза коом» («Чистое общество») саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди

24 августа 2020

«Таза коом» («Чистое общество») саясий партиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына билдирди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-августтагы жыйналышында партиянын билдирүүсүн карап, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, аны эске алуу жөнүндө чечим чыгарды.

«Таза коом» («Чистое общество») саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды.

КР БШК маалымат бөлүмү