БШК Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
24 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-августундагы жыйналышында Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.С. Халмурзаевдин комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө, Т.Абдивалиевдин комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылды:
“Биримдик” (Единство) демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Халмурзаев Абдимомун Саматович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы”саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдивалиев Тагай комиссиянын резервинен чыгарылсын;
“Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эндешов Марипжан Абдыкасымович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
КР БШК маалымат бөлүмү
