БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда укуктарын токтотту

24 августа 2020

БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-августтагы жыйналышында Ысык-Көл, Москва, Жалал-Абад жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.

Ысык-Көл, Москва, Жалал-Абад жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине ылайык жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жеке арыздарынын негизинде төмөнкү депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району:

Тамчы айылдык кеңеши – Иманалиев Нурбек Табынович ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат убактылуу иштебеген Максутов Нурлан Ногойбаевичке өткөрүп берилди.

Бостери айылдык кеңеши – Учкурткаев Замир Турдубекович ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат Солтонбаев Кенжебек Аскеркановичке (“Адеп булагы” КФ) өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Москва району:

Биринчи Май айылдык кеңеши – Назаров Хайрулло Сайфуллоевич ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат жеке ишкер Казыкеев Бактияр Элчибековичке өткөрүп берилди.

Александровка айылдык кеңеши – Мырзабеков Улан Болотбекович ыйгарым укуктарын токтотту. Мандат Шамурза Арли Мухамеевичке (Мурап АВП) өткөрүп берилди.

Жалал-Абад шаардык кеңеши – Ормоков Эрнисбек Абдижалилович (№1, «Ата-Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктарын токтотту.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Түркбаев Айбек Бактыбековичти (№31, «Энергетик» с/п) жеке арызынын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу боюнча чечимин бекитти.

 

КР БШК маалымат бөлүмү