“Чоң казат” партиясынан жаңы ыйгарым укуктуу өкүл катталды
21 августа 2020
21-августта КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Чоң казат” саясый партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу боюнча билдирүүсүн карады.
БШК “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алып партиянын билдирүүсүн эске алуу менен, “Чоң казат” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Чинтемирович Турдалиевдин каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.
“Чоң казат” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Алия Базарбаевна Рысмендеева катталды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
