“Ар-Намыс” саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди
21 августа 2020
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышпай жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы тууралуу БШКга “Ар-Намыс” саясый партиясы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 21-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирүүсүн эске алуу чечимин кабыл алды.
“Ар-Намыс” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
