“Бийлик элге” саясий партиясы шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди

21 августа 2020

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого катышпай жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып ала тургандыгы тууралуу БШКга “Бийлик элге” саясый партиясы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 21-августтагы жыйынында, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 18-7-беренелерин жетекчиликке алуу менен, партиянын билдирүүсүн эске алуу чечимин кабыл алды. 

“Бийлик элге” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.