БШК мыйзам бузууларга реакция жасоо боюнча укук коргоо органдарына онлайн тренинг өткөрдү
18 августа 2020
КР БШКсы “Жарандык платформа” коомдук уюму менен биргеликте жана Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин, Кыргызстандагы ПРООНдун колдоосу менен, “2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо. Шайлоо мыйзамдарынын бузулуусуна реакция жасоо жана чараларды иштеп чыгуудагы укук коргоо органдарынын ролу” деп аталган онлайн тренинг өткөрдү.
Иш-чарага КР БШК төрайымы Н. Шайлдабекова, Башкы прокурордун орун басары Н. Дюшембиев, КР Ички иштер министринин орунбасары М. Каниметов, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова, Бишкектеги ОБСЕнин программалык офисинин тиешелүү департаментинин жетекчиси Ю. Нетесова, ПРООНдун шайлоолорду колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова жана укук коргоо органдарынын жүздөй кызматкерлери катышты.
Спикерлер катары Канышай Мамытова эксперт, КР БШК мүчөсү Гульнара Журабаева, КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Бит-Аврагим Атур, Бегалы Пирманов эксперт катары чыгып сүйлөштү.
“Өткөн шайлоо кампанияларынын коопсуздугу жана мыйзамдуулук тажрыйбалары учурдагы шайлоону өткөрүүгө жардам берет деп ойлойм. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңешке шайлоону ишке ашыруу үчүн, биз эффективдүү аракеттенүүнү иштеп чыга алабыз деген үмүттөмүн”, - деди БШК жетекчиси.
Н. Шайлдабекова өз сөзүндө ыкчам аракет кылуучу координациялык топтун ишинин маанилүү экендигин белгиледи. “Эл аралык стандарт боюнча ушундай координациялык топтун иши тиешелүү органдардын ишин эффективдүү координациялоого жардам берет”, - деди.
ОБСЕнин программалык офисинин тиешелүү департаментинин жетекчиси Ю. Нетесованын айтымында, шайлоо күнү укук коргоо органдары тынч, коопсуз атмосфераны түзүүлөрү зарыл. КР Жогорку Кеңеши тарабынан шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген.
ПРООндун шайлоолорду колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова 2015-жылдан тарта Кыргызстан шайлоо процессин санариптештирүүдө ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.
“Санариптештирүүнүн деңгээли шайлоо процессине жана добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгына ишенимди жогорулатты”, - деди ал.
Тренингде шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү, анын башкы максаты чектөөлөрдү коюу эмес, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү экендиги айтылды. Анын жүрүшүндө шайлоочуларды сатып алууга жана админресурска каршылык көрсөтүүгө басым жасалды.
Коронавирус пандемиясынын шартында шайлоо өтүп жаткандыгын эске алып, БШК шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө жарандардын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоону камсыз кылуу боюнча аракеттердин алгоритмин иштеп чыккандыгы да айтылды.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү агитация кампаниясынын учурунда финансылык таасир көрсөтүүнү азайтуу үчүн массалык иш-чаралар анын ичинде стадиондорго эл жыйноо, улуттук оюндарды, концерттерди өткөрүүгө мыйзам аркылуу тыюу салынгандыгы боюнча да маалымат алышты.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
