Кадыров Рысбек Зарлыкович Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

17 августа 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 17-августунда, Нарын облусунун Нарын  районундагы Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү.

Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапакер -  Кадыров Рысбек Зарлыкович айылдык кеңештин депутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн.

Он-Арча айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Он-Арча айылдык кеңешинин 11 депутатынын 9 депутаты катышты. Нарын  аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 17-августандагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча талапкер Кадыров Р.З. 9 добуш, «бардык талапкерге каршы» позициясына 0 депутат добуш берген.

2020-жылдын 17-августундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Кадыров Рысбек Зарлыкович Он-Арчаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таанылды.

БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Нарын АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:

- шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган,

- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, арлыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.

- добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен денет абы ѳлчѳнѳт.

- алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген,

- шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлгѳн.