«Демократ» саясый партиясы КР БШКсына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышпай тургандыгы боюнча билдирди

17 августа 2020

«Демократ» саясый партиясы  2020-жылдын 4-октябрына дайындалган ЖК депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартуу,  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө КР БШКсына билдирди.

КР Боршайкому 17-августтагы өз жыйынында аталган партиянын билдирүүсүн карап, аны эске алуу тууралуу чечим кабыл алды.

«Демократ» саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылды, алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.