«Мекенчил» саясий партиясы санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен съезд өткөрдү
13 августа 2020
13-августта “Мекенчил” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоосуна катышуу үчүн депутаттыкка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү боюнча кезексиз сьезди болду.
Партиянын чакыруусу менен КР БШКнын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А. Ж. Эшимов сьездин мониторингине катышты.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча Республикалык штабдын сунуштарын сактоо менен өткөрүлдү.
Сьездге 43 делегат катышып, бул дагы жабык имараттагы массалык иш-чарага оптималдуу сандагы катышуучулардын болгондугунан улам, Республикалык штабдын сунуштарына ылайык болду.
Иш-чаранын башында имарат дезинфекциялык каражаттар менен тазаланды. Имаратка кире бериште делегаттардын дене табы ченелип жана антисептиктер колдонулду. Сьездге келген делегаттар уюштуруучулар тарабынан социалдык аралыкты сактоо менен отургузулду. Жыйындын катышуучулары тарабынан бет кап жана респираторлорду тагынуу режими сакталды.
“Мекенчил” саясый партиясынын кезексиз сьездинин күн тартиби боюнча 3 маселе каралды:
1.Саясий партиянын программасын бекитүү;
2.Партиянын саясый кеңешинин курамын бекитүү;
3.КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана добуш берүү.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндөгү чечим, саясый партиянын сьездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынды.
Эске салсак, 20-августка чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү этабы. 24-август күнү саат 18:00гө чейин саясый партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн, КР БШКсына тиешелүү документтерди алып келүүлөрү зарыл. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 2020-жылдын 4-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
