2020–ж. 12-августа өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби

12 августа 2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН

КҮН ТАРТИБИ

 

                                                                                         Өткөрүү датасы: 12 август 2020-ж.

                                                                                         Убактысы:16 .00

                                                                                         Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Чүй районунун Чүй айыл өкмөттөрүнүн башчыларын  шайлоону дайындоо жөнүндө

 (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
 

2. Талас шаарындагы, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды жана Бүргөндү айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
 

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Чүй, Бакай-Ата жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
 

4. «Кыргызстан коммунистер партиясы» саясий партиясынын билдирүүсү жөнүндө

(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
 

5. 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдарынан билдирүү жөнүндө

(баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)

 

 6. Ар түрдүү маселелер