Ош облусунда алты шайлоо участогунун даректери өзгөртүлдү
10 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-августтагы жыйналышында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай, Кашка-Суу жана Араван районунун Керме-Тоо айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом Чоң-Алай жана Араван АШКларынын кайрылуусунун негизинде, шайлоо участкалары жайгашкан жайлардын абалы канааттандырарлык болбогондуктан шайлоо участкаларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо максатында кабыл алынды.
Чоң-Алай районунда 4 шайлоо участогунун даректери өзгөртүлдү:
Жекенди айылындагы № 5155 шайлоо участогу № 3 орто мектептин имаратынан Жекенди айылындагы Көлчөк № 63 көчөсүндөгү спорт залына өзгөртүлдү.
Чоң-Алай айыл аймагындагы № 5163 шайлоо участогу Кызыл-Эшме айылындагы Кызыл-Эшме № 70 көчөсүндөгү орто мектептин имаратынан Кызыл-Эшме айылындагы Кашка-Жол № 65 көчөсүндөгү спорт залына өзгөртүлдү.
Кашка-Суу айыл аймагындагы № 5165 шайлоо участогу Ачы-Суу айылындагы Хаджимуратов № 5 көчөсүндөгү орто мектептин имаратынан Ачы-Суу айылындагы Мурас № 2 көчөсүндөгү спорт залына өзгөртүлдү.
№ 5166 шайлоо участогу Жайылма айылындагы Аким Базаров № 39 көчөсүндөгү айылдык клубдун имаратынан Жайылма айылындагы Аким Базаров № 21 көчөсүндөгү спорт залына өзгөртүлдү.
Араван районунда эки шайлоо участогунун даректери өзгөртүлдү:
Керме-Тоо айыл аймагындагы № 5341 шайлоо участогу Гулбаар айылындагы Жаңы-Жол № 5 көчөсүндөгү орто мектептин имаратынан Жаңы-Жол айылындагы Жаңы-Жол-Ленин н/ж көчөсүндөгү спорт залына өзгөртүлдү.
№ 5493 шайлоо участогу Гулбаар айылындагы С. Эшматов көчөсүндөгү, н/ж Токтогул атындагы орто мектептин имаратынан Гулбаар айылындагы С.Эшматов № 50 көчөсүндөгү Э.Кебекбаев атындагы орто мектептин спорт залына өзгөртүлдү.
