"Кыргызстан" саясый партиясы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды
06 августа 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-августтагы жыйналышында 2020-жылдын 5-августунда “Кыргызстан” саясий партиясынан келип түшкөн мурда көрсөтүлгөн каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кайра чакырып алуу жана Шамшидин уулу Разакты каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындоо жөнүндө билдирмесин карады.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-июлундагы №39 чечими менен катталган “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джунушева Джолдошбек Маликовичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
КР БШК Шамшидин уулу Разакты “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары каттоо жана “Кыргызстан” саясий партиясынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Шамшидин уулу Разакка белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгүн берүү жөнүндө чечим чыгарды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
