БШК жергиликтүү кеңештердин үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

06 августа 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-августтагы жыйналышында Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин үч депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки үч депутатка өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Васильев Лев Алексеевичтин (№2, «КСДП» деп.фракциясы) мандаты Юсупов Кабулджан Мусиновичке  (№17, «КСДП» деп.фракциясы) өткөрүп берилди.

Жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Усубалиев Эрмек Сыргаковичтин (№5, «КСДП» деп.фракциясы) мандаты Кадыров Сабиржан Бахтияровичке (№19, «КСДП» деп.фракциясы) өткөрүп берилди.

Депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган башка ишке өткөнүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Осмоналиев Эрмамат Жумабековичтин мандаты Адиев Каныбек Ысмаиловичке өткөрүп берилди.

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутаттардын күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

Бишкек жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү   күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу жөнүндө токтом кылынды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү