КР БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын Молдалиев Сталбек Уметкуловичке өткөрүп берди
30 июля 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты бар болгондугуна байланыштуу КР БШК Молдалиев Сталбек Уметкуловичти – «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанууга токтом кылды.
Молдалиев С.У. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
