КР БШК Чыныбай Турсунбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

30 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйналышында каза болгондугуна байланыштуу «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтом КР Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин күбөлүгү жараксыз деп табылды.