Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин колдоо Программасынын Жетектөөчү комитетинин жыйналышы болуп өттү

29 июля 2020

2020-жылы 28-июлда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө БУУ ӨП КРдин тиешелүү маморгандары менен кызматташтыкта жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессин колдоо Программасынын алкагындагы иштин ортодогу жыйынтыктары каралды.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жөнүндө маселени талкуулоонун алкагында шайлоо процессинин катышуучуларынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо маселесине айрыкча көңүл бурулду.

Жетектөөчү комитеттин мүчөлөрүнө КР БШК Республикалык штаб менен кызматташтыкта үгүт иштеринин мезгилинде, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоо процессинин ар бир кадам боюнча тиешелүү алгоритмдерди иштеп чыгуу жаатында иш жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат берилди.

Ал алгоритмдер тиешелүү маморгандардан ишке тартылган адистер тарабынан, ошондой эле коронавирус инфекциясынын эпидемиясы шарттарында шайлоо өнөктүктөрүн өткөргөн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкты.

 

Маалымат үчүн:

КР БШКнын төрагасы жана БУУ ӨПтүн КРдеги туруктуу өкүлү Л.Чемберлен Программанын Жетектөөчү комитетинин тең төрагалары болуп саналат.

Комитеттин  мүчөлөрү: МКК төрагасы, БУУнун КРдеги тутумунун туруктуу координатору, Германиянын, Швейцариянын жана Япониянын  КРдеги элчилери.

Төмөнкүлөр байкоочу болуп саналат: МОМдун КРдеги офисинин жетекчиси, КРдеги БУУ-Аялдар өкүлү, БУУнун адам укуктары боюнча Борбордук Азиядагы Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын өкүлү жана ЮНИСЕФтин КРдеги өкүлү.