БШК КР ЖК депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 210 ЖМК жана интернет-басылмаларын аккредитациялады

27 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо тууралуу токтом кабыл алды.

210 ЖМК жана интернет-басылма – 57 телекомпания, 52 газета жана журнал, 26 радио жана 75 интернет-басылма аккредитация алды.

Эфир убактысын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма аянттарын бергендиги үчүн жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугу үчүн акы тѳлѳѳнүн ѳлчѳмү жана башка шарттары жѳнүндѳ маалымат Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылмакчы.