БШК «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө чечим кабыл алды

27 июля 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-июлда өз жыйналышында «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө» чечим кабыл алды.  

2020-жылы 23-июлда «Бүткүл жаштар саясий партиясы» мурда сунуш кылган шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Жакшылыков Руслан Жээнтаевичти жана Касымбаев Адилет Кубанычбековичти  чакыртып алуу жөнүндө кабарлады жана шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Топчубаев Эргешбайды жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары Ахматова Аделя Абубакировнаны дайындады.

КР БШКнын чечими менен Р.  Жакшылыковдун жана А. Касымбаевдин  каттоосу жокко чыгарылды, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп таанылды. Э. Топчубаев жана А. Ахматова «Бүткүл жаштар саясий партиясы» саясий партиясынан шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр катары катталышты. Аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.