Боршайком саясый партиялар үчүн семинарларды баштады
25 июля 2020
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоого катышууга КР БШКга билдирме жиберген саясый партиялар үчүн, биринчи семинар өткөрдү.
Биринчи семинарда талапкерлердин тизмесин каттоого берүүчү документтердин эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо кампаниясын финансылоо боюнча отчетторду берүүнүн тартиби жөнүндөгү маселелер каралды.
Шайлоо мыйзамдарынын алкагында, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржыланышына, саясый партиялардын, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун тартибине, шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсеби менен чыгымдарына бирдей ыкма киргизилип, ошондой эле каражатты белек катары берүүгө тыюу салынып жана финансылык отчетторду БШК сайтына милдеттүү түрдө жарыялап турууга байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги айтылды.
Семинарда азыркы шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү, агитация жүргүзүүнүн негизги эрежелери, шайлоонун жүрүшүндө ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча маалыматтар берилип, шайлоонун бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар менен камсыздоонун алгоритмдери да талкууланды.
Партиялардын өкүлдөрүнө жалпысынан шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилип, саясый партиялардын шайлоо кампаниясынын учурунда колдоно алыша турган, ушу тапта иштеп жаткан маалыматтык ресурстар, анын ичинде https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталы боюнча да айтылды. Мындан башка добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун тартиби, БШКнын шайлоонун талаш-тартыштарынын электрондук реестри жана башка маалыматтык системалардын бет ачаарлары болду.
Партиялар каттоодон өткөндөн кийин партиялардын талапкерлеринин тизмеси жөнүндө, партиялардын программасы, партиялардын шайлоо кампанияларынын каржылануусу жөнүндө жарандарга кеңири маалымат берүү үчүн маалымат ресурсу сунуш кылынаарын БШК билдирди.
Кийинки семинарларды БШКнын жумушчу топтору тиешелүү темаларга ылайык алып барышат.
Мурда БШК беш жумушчу тобун түзгөн:
- шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына агитациянын эрежелери тууралуу маалымат берүү маселелери боюнча;
- шайлоочулардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча;
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөөчү-ревизиялык топ;
- оперативдүү иш алып баруучу координациялык топ;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясый партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу.
Жумушчу топтор шайлоо процессинин катышуучуларына маалымат жана консультацияларды берип турууга дайым даяр.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
