БШК Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 7-августка дайындады

21 июля 2020

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында, Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча токтом кабыл алды.

Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2020-жылдын 15-июлундагы №181 буйругу менен, Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Таштанбек Сарсеитович Ибраимов өз арызына ылайык кызматынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине ылайык, “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренеси боюнча, “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндөгү” Жобо боюнча, КР БШК Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 7-августуна саат 9-00дөн 12-00гө дайындады.

Кемин территориялык шайлоо комиссиясына шайлоону санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен (1,5 – 2 метрлик аралыкты сактоону камсыздоо жана көзөмөлдөө, бир жолку маскаларды колдонуу, колду дезинфекциялык аралашма жана спирти бар антисептик менен жууп туруу) өткөрүү тапшырмасы берилди.