БШК Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын бекитти
21 июля 2020
КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-июлундагы жыйынында “Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын 2020-жылдын 17-июлунда болуп өткөн шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алды.
2020-жылдын 17-июлунда КР шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн эки талапкер Уланбек Келдибекович Осмонов жана Турусбек Кудайбергенович Аттокуров катталган.
2020-жылдын 17-июлундагы Ат-Башы территориялык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколу боюнча, добуш берүүгө Ак-Жар айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышкан. Натыйжада У. К. Осмонов 10 добуш, Т. К. Аттокуров 1 добушка ээ болгон, “бардыгына каршы” эч ким добуш берген эмес.
Ат-Башы территориялык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен У. К. Осмонов Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Бул шайлоонун жыйынтыгы боюнча эч кандай арыздар жана билдирүүлөр түшкөн эмес.
У. К. Осмонов Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 48-беренесинин талаптарына туура келет.
