2020–ж. 17-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
17 июля 2020
долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 17-июль 2020-ж.
Убактысы: 17.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылы 13-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Исаков Б.С., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
3. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Дуйшембаева Г., эсепке алуу, отчеттулук жана пландоо бөлүмүнүн башчысы)
4. Ар түрдүү маселелер
