Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун башчысы болуп Сталбек Джапарбекович Мусаев шайланды
17 июля 2020
2020-жылдын 17-июлунда Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болду. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болууга эки талапкер Сталбек Мусаев жана Мирбек Сүйүналиев катталган. Экөө тең айылдык кеңештин депутаттарынын тобунан.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө бардыгы 21 депутат болсо, алардын бардыгы шайлоого катышты. Сокулук территориялык шайлоо комиссиясынын 17-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколу боюнча, С. Мусаев 11 добуш алган. М. Сүйүнбаев болсо 9 добуш алып, бардык талапкерлерге каршы добушту бир депутат берген.
Ошентип, Сталбек Мусаев Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
